Cosmos47.

Эски үй-бүлөлүк сүрөттөрдү кантип сактайбыз

Эски үй-бүлөлүк сүрөттөрдү кантип сактайбыз

Үй-бүлөлүк сүрөттөгү даректи кантип сактайбыз?

Эски сүрөттөрдү иреттеп жатып, сүрөттүн өзүнөн да маанилүүсү анын артындагы майда жазуулар экенин дагы бир жолу байкадым. «1968, Фрунзе, короодо» деген үч сөз кийин бүтүндөй үй-бүлөнүн көчүп-конгон жолун түшүнүүгө жардам берет. Ал эми аты-жөнү жазылбаган адамдар бара-бара сүрөттүн ичинде эле калып кетет.

Кичинекей архив үчүн жетиштүү нерсе Мен ар бир сүрөткө өзүнчө файл аты берем: жыл, жер, адамдардын аты, кимден алынганы. Так эмес маалымат болсо, жанына «болжол менен» деп белгилейм. Сүрөттүн артындагы жазууну да өзүнчө тартып коём, анткени кагаздагы сыя өчүп калышы мүмкүн.

Бир суроо Сиздердин үйдө ким эски сүрөттөрдөгү адамдарды тааныйт? Мындай маалыматты азыр жазып калтыруу кийин музей үчүн эмес, биринчи кезекте үй-бүлөнүн өзү үчүн керек болот.

More posts by Aizada Satarova